29 сентября 2020, 17:36

Кайсы тармак санитардык нормаларды көбүрөөк бузары аныкталды

30-апрелден тартып 28-сентябрга чейин жалпысынан 33056 текшерүү жүргүзүлгөн, анын ичинде коомдук тамактануу жайлары – 19,6%, соода сатык түйүндөрү – 25,2%, сулуулук салондору – 5,2%, транспорт кызматтары- 5,4%, вулканизация, СТО – 7,4%, мектеп, бала-бакча – 5,0% жана башка объектилер – 32,2%.

Баардыгы болуп – 15334 санитардык талаптар берилген жана Кыгыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы №244 «Коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучун азайтуу боюнча кошумча чаралар жонүндө» токтомунун талаптарын аткарбагандыгы үчүн жалпысынан 4775 протокол түзүлгөн, анын ичинен 4752 учурга айып салынган. Салынган айыптын жалпы суммасы 8461000с, анын ичинде коомдук тамактануу жайлары – 36,0%, соода –сатык түйүндөрү – 22,7%, базарлар – 3,0%, тамак-аш өндүрүүчү жайлар – 2,0%, медициналык мекемелер – 5,9%, сулуулук салондору- 5,7%, транспорт кызматтары – 4,0%, СТО, вулканизация, авто жуучу жайлар – 4,0%, бала бакчалар, мектептер – 7,0% жана башкалар – 9,7%. 

Бүгүнкү күндө көп кездешкен бузуулар булар: 

Той өткөрүү, куран окутуу жана башка ушул сыяктуу салтанаттар көп өткөрүлүп, элди массалык түрдө (200-300 адам) чогултуу фактылары көп катталууда;
Көпчүлүк коомдук тамактануу жайларына кире берген жерлерде «кирүү фильтри» уюштурулган эмес, жумушчулардын денет табы өлчөнбөйт, жумушчулардын дене табын түшүрүү үчүн журнал уюштурулган эмес, жумушчулар маска тагынбаган фактылар көп кездешүүдө, орундуктар ашыкча жайгашкан (50дөн көп), тамактануу столдорунун аралыгы (1,5-2м) сакталбаган;
Эс алуучу жайлар, караоке клубтар жумуш убактысынын режимин сактабаган учурлар арбын, б.а. түнү менен иштешүүдө;
Коомдук транспорт жайларында бет кап режими сакталган эмес, маршруттук таксилерде эл көп, тыгын ж.б. 
Жалпысынан республика боюнча эн көп текшерүүлөр Ош областында, андан соӊ Бишкек шаарында жана Ыссык-Көл областында жүрүүдө.

Салынган айыптын суммасы боюнча эн көп Бишкек шаарында (3196000с), андан соӊ Ош обл (2967500с), Жалал-Абад (972000с), Талас (105000с), Нарын (141000с), Баткен (278000с) областарында.

Түнкүсүн кездешүүчү негизги бузуулар түнкү клубтарда, караоке клубтарда элдин коптүгү жана жумуш убактысынын сакталбагандыгы. 

Ал эми күндүзү кезигүүчү негизги бузуулар той өткөрүү, куран окутуу, коомдук тамак –аш жайларында ашыкча орундуктардын жайгашкандыгы, бет кап режиминин сакталбагандыгы, кирүү фильтринин жоктугу ж.б.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020