9 октября 2020, 11:35

Төрт партия биригип Бабановду премьерликке, Токтогазиевди биринчи вице-премьер-министр кызматына сунушташты




"Республика", "Ата-Мекен", "Бир бол" жана "Реформа" саясий партиялары "Акыркы үмүт" меморандумун түзүп, элге кайрылуу жасашты

Алар айрым саясатчылар мыйзамсыз ыкмалар менен бийликти басып алууга аракет жасап жатканын билдиришти.

"Мамлекеттин туруктуулугун, элдин биримдигин сактоо жана Кыргыз Республикасынын конституциясына ылайык жаңы мыйзамдуу бийликти орнотуу максатында "Республика", "Ата-Мекен", "Бир бол" жана "Реформа" саясий партиялары жаңы өкмөткө ишенимдүу мыйзамдаштыруу жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди бириктирүү жөнүндө чечим кабыл алышты. Ушул максаттарга жетүү үчүн жогоруда айтылган партиялар Өмүрбек Бабановду КРнын премьер-министринин кызмат ордуна жана Тилек Токтогазиевди КРнын өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министр кызмат ордуна көрсөтүүнү чечишти", - деп айтылат кайрылууда.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020