Тапшырыктарды аткарган укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызматтан кетиши керек. Бул тууралуу Өмүрбек Бабанов билдирди.

Ал өлкө башчы кызматтан кеткени менен абал тынчыбай турганын белгиледи.

"Жээнбековду бул абалга жеткиришти. Анын легитимдүү түрдө тандалган премьер-министрге арыз жазып берем дегени эң туура чечим. Анткени, бардык саясий лидерлер үчүн кызмат орун эмес, тынчтык жана элдин бүтүндүгү маанилүү", - деди Бабанов.

Эске салсак, бүгүн "Жаннат" мейманканасында чогулган «Республика», «Ата-Мекен», «Бир бол» жана «Реформа» саясий партиялары «Акыркы үмүт» меморандумун түзүп, Өмүрбек Бабановду премьерликке, Тилека Токтогазиевди биринчи вице-премьер-министр кызматына сунушташты.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020