9 октября 2020, 13:28

Жээнбеков өкмөттүн жана премьер-министрдин кызматтан кетүүсү тууралуу жарлыкка кол койду




Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын конституциясынын 65-беренесине, 87-беренесинин 1,2,3-бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Респубикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 23-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын премьер-министри Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүүсү кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дагы кызматтан кетти деп эсептелет.

Жарлыкка ылайык, Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Өкмөт мүчөлөрүнүн кызмат орундарын ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышат.

Бул жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020