9 октября 2020, 14:07

Аида Касымалиева: Көп болсо караларды жөнөтүп, өлтүрөм дейсиңер

Мен таза иштегем, ууру эмесмин. Бул тууралуу Аида Касымалиева социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал люстрация, жаңы дем, реформа, жаштар деген чакырыктар жөн гана кооз сөздөр экенин белгиледи.

"Бабановдун адамдары улам чалат. Бата алчу жериңер - аферист Бабанов жана мамлекетти саткан Атамбаев экен го. Акчаларды сунуштап жатат деп угуп жатам депутаттарга. Бабанов баарын сатып ала албайт!
Эми мындан ары акыл үйрөтүп, реформачыл, жаңычыл болбой эле койгулачы.  Фейк армия, кош келгиле!
Коркутпай эле койгула! 
Мен силерден айырмаланып, таза иштегем, ууру эмесмин. Бизнесим да жок. Креслого да тырмышпайм. Колдоп алчу элим да бар. 
Көп болсо караларды жөнөтүп, өлтүрөм дейсинер", - деп жазат Касымалиева.


Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020