9 октября 2020, 17:08

Садыр Жапаров: Бүгүн биз кан төгүүгө жол бербешибиз керек

Бүгүн өлкөбүздүн тагдыры чечилиши керек. Бул тууралуу Садыр Жапаров билдирди.

Ал ага карата кара пиар жүрүп жатканын белгиледи.

"Менин бирден-бир каалоом республиканы кризистен алып чыгуу жана түштүк жана түндүккө бөлүнүүсүнө жол бербөө. Биринчи кезекте, өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу, Жогорку Кеңешке шайлоого даярдык көрүү, инвестициялоо объектилерин, чакан жана орто бизнести коргоону уюштуруу, социалдык төлөмдөрдү – пенсия, эмгек акы, жөлөкпулдарды жүргүзүү керек. Азык-түлүктүн баасынын секирип кетишине жол бербөө. Коррупциялык аракеттерди байкаган бардык кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ишти баштоо. Жерди массалык түрдө басып алууну токтоткула", – деди Жапаров.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020