Дүйнөдө коронавирустан өлгөндөрдүн саны миллиондон ашты
АКШнын Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 12-октябрга карата дүйнө жүзүндө коронавирустан өлгөндөрдүн саны 1 миллион 75 миңден ашты.
188 мамлекетке тараган илдет жалпысынан 37 миллион 380 миңдей адамга жугуп, алардын 26 миллионго жакыны сакайды. COVID-19 вирусунун жайылышы боюнча дүйнөдө биринчи сапта турган АКШда 7 миллион 761 миңден ашуун киши ооруга чалдыккан. Индияда 8 миллион 54 миңдей адам жуктуруп алган. Бразилияда 5 миллион 83 миңдей киши, Орусияда 1 миллион 291 миңден ашуун адам коронавируска кабылды.
Вирус кайра күчөп жаткандыктан Европа баштаган бир катар чөлкөмдөрдө карантин чаралары кайра киргизилүүдө. Ирандын бийлиги да 11-октябрдан тартып баш калаа Тегерандын тургундарын беткап кийип жүрүүгө милдеттендирди.