14 октября 2020, 13:14

Касымалиева Жапаровдон эмне үчүн тарапташтарына кайрылуу жасабагынын сурады

Азыр интернеттин заманы болгондуктан, мага каршы күчтөр иштеп, криминалдарга байланышкан жалган маалыматтарды таратып жатышат.

Бул тууралуу Садыр Жапаров "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы жыйын учурунда Аида Касымалиеванын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Касымалиева Жапаровдон эмне үчүн тарапташтарына кайрылуу жасабай жатканын сураган.

"Эл адилетсиз шайлоо болду, коррупция күчөп кетти деген талаптарды койгон. Эгерде мен эл алдына чыгып, кайрылуу жасасам алар мындан да көтөрүлүп чыгышы мүмкүн. Анда мен аларга ачыгын айтышым керек болот. Ашыкча сөздөр да чыгып кетиши мүмкүн", - дейт Жапаров.

 
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020