“Аргымак атта жал жок деп, жолго таштап кетпегиле!”- Садык Шер-Нияз Президенттин тарапташтарына кайрылды (видео)

15 октября 2020, 09:38

Садык Шер-Низя Фейсбук тармагында Президенттин тарапташтарына жана “Бирдимдик” партиясынын өкүлдөрүнө чукул видео-кайрылуу жасады.

 “Президенттин алдында жылуу- жумшак оорун алып, пайдасын коруп. Кызматтын мыктысын алып, канчалаган мартаба кутуп, парвана көпөлөктөй президентти айланып жүргөндөр силерден сураныч.Аргымак атта жал жок деп, жолго таштап кетпегиле.
 “Биримдикте” жүргөндөр! – тилинерди жутуп алгансыбай бирдеме деп койгула! Уят болот! Же болбосо ханын таштап кеткен деп жети тукумунарга чейин наалатка каласынар, дагы адатынарча башка партияга өтө качсанар, анда тегинер кул экенин дайындагандын белгиси болот”,- деди Садык Шер-Нияз.

Ошондой эле, Садык Шер-Нияз жаны шайланган премьер-министр Садыр Жапаровту да жанына андай адамдарды жолотпосуна кенеш берди.
 
“Силердин жанынарга шыйпандап барып калса жолотпогула! Алар силерди дагы жолго таштап кетет. Ошолордун азабынан Кыргызстан онолбой журот!”, - деди экс -депутат. 

[media=https://www.facebook.com/sadyk.sherniyaz/videos/2805115599771077]
1 комментарий
  1. Аноним#3390
    Ески политиктер менен чогуу 120 депутат, жана бийликтин айланасында жургон 1000 минге жакын саткындарды такыр бийлике жолотпош керек, ечбир коррупцияга аралашпаган, кесипкой жаштар келсин, чет олкодо окуп-иштеген жаштардан да келиш керек.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020