15 октября 2020, 11:18

Ала-Арчадагы үрөй учурган окуянын чоо-жайы такталды . Күйөөсүн кызганган аял 26 жаштагы кызды өлтүрүүгө киши жалдаган.

 Төмөнкү Ала-Арча айылында үрөй учурган окуя катталган. Анда үйгө ууруга киргендер 26 жаштагы кызды өлтүрүп, анын атасын бычактап кетишкен.
 
Учурда шектүүлөр кармалды. Алар 31 жаштагы Б.Ж. жана анын айдоочусу О.А. жана 31 жаштагы К.Ч. кармалган. Тергөөнүн алдын-ала версиясы боюнча кылмыш иши кызганычтын айынан келип чыккан. Анда аял күйөөсүн маркум кыздан кызганып, аны өлтүрүүгө өзүн айдоочусун жана досуна буйрутма берген. Учурда териштирүү башталып, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда соттук териштирүү жүрүүдө.
 
Эскерте кетсек, 26-сентябрь күнү болжол менен саат 02:50 чамасында үйгө бет капчан белгисиз эки киши кирген. Алар 62 жаштагы Т.Ж. аттуу киши менен анын 26 жаштагы Т.А. аттуу кызын бычактап, андан соң качып кетишкен. Натыйжада алган жаракаттарынын негизинде 26 жаштагы кыз көз жумуп, ал эми эркек киши Бишкектеги ооруканалардын бирине жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. 







Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020