15 октября 2020, 12:01

Вьетнамда суу ташкынынан 36 адам көз жумду

Вьетнамда кара нөшөрдөн суу ташып, анын кесепетинен 36 адам каза тапты.

Чет өлкөнүн басма сөз кызматы билдиргендей, Куанг Нам, Тхуа Тхен Хуэ, Куанг Нгай жана Куанг Три провинцияларындагы дарыялар бир канча күн тынбай жааган кара нөшөрдөн улам ташкындап, кырсыктан 36 адам каза таап, 12 адам дайынсыз жоголгон. Суу ташкын 135 миң 700 үйдү каптап, анын 600гө жакыны кыйрап, 6 миң гектарга жакын айдоо аянтын сел жууп кеткен.

Вьетнам Коргоо министрлиги суу ташкынынан жабыркаган аймактарга 9600 аскер жана коопсуздук күчтөрү жөнөтүлгөнүн, 6 шаардын 50 миңге жакын тургуну коопсуз жайга көчүрүлгөнүн маалымдады
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020