15 октября 2020, 14:57

Эркебаев: Президентке кысым болушу мүмкүн

Парламенттин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев кызматтан кеткен Сооронбай Жээнбековдун кадамын түшүнүксүз деп баалады. Жээнбеков бүгүн коомдук-саясий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугуп, соңку кырдаалды талкуулаганы кабарланган. Жыйынга Роза Отунбаева, Медеткан Шеримкулов, Феликс Кулов, Өмүрбек Текебаев, Марат Султанов, Сыртпай Мусаев, Исмаил Исаков өңдүү көрүнүктүү ишмерлер, жалпысынан он чакты киши катышканы маалым болгон. Абдыганы Эркебаевдин айтымында, жолугушууда Жээнбеков президенттиктен жакында кетпей турганын билдирген:

“Он кишинин алдында мен кетпейт деп айтты эле. Мен акырына чейин турам деген. Анан бул жерде ачык айтканда кысым менен биз билбеген жагдайлар бар окшойт. Мен Жогорку Кеңеш да иштей албай калат го деп ойлоп турам. Иши кылып укуктук жактан башаламандык болот. Булар кворумга чогула албай, ошол боюнча тарап кетип, анан Садыр Жапаров башкарып калат го. Тилегеним эле кан төгүлүү болбосун”,- деди Эркебаев.

2 комментария
  1. Аноним#2934
    Yeah me too.
  2. Аноним#2404
    Сен жолголчу эрке эшек
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020