16 октября 2020, 09:52

Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартты

Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартты. Бул тууралуу митингчилердин алдына чыгып сүйлөгөн өкмөт башчы Садыр Жапаров билдирди.

""Урматтуу бир туугандар, бүгүн чыныгы жеңишке жеттиңиздер. Бардыгы ордуна келди. Президент Сооронбай Жээнбеков арызын жазып кызматтан кетти. Ал эми спикер Канат Исаев "анын милдеттерин аткаруу мүмкүн эмес экен" деп арыз жазып берди. Бүгүн президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруу милдети мага өттү. Эми мен силердин ишеничиңерди толугу менен аткарганга ушул сааттан баштап киришем", — деди Жапаров.

Эскерте кетсек, бүгүн, 15-октябрь күнү, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков отставкага кете турганын жар салган. Мыйзам боюнча анын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат. Эгер андай мүмкүнчүлүгү жок болсо, милдетти аркалоо премьер-министрге жүктөлөт.
Ушу тапта Өкмөт үйүнүн алдында Жогорку Кеңештин таркатылышын талап кылган митинг өтүүдө.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020