16 октября 2020, 12:32

Садыр Жапаров депутаттардын санын кыскартууну сунуштады

Премьер-министр Садыр Жапаров "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында шайлоо босогосун беш пайызга түшүрүп, депутаттардын санын 90го чейин кыскартуу тууралуу оюун билдирди.
 
Анын айтымында, буга чейин сунушталгандай үч пайызга чейин түшүрүү өтө эле төмөн болуп калат.
 
"Бир мандаттуу шайлоону азырынча туура эмес көрдүм. Анткени мыйзам боюнча парламенттик шайлоо партиялык система менен өтүшү керек экен. Түндө мыйзамдын баарын карап чыктым. Эгерде биз партиялык система боюнча шайлоону өткөрбөй "Конституциялык реформага барабыз" десек, мыйзам талаасынан бир аз четтеп кетчүдөйбүз. Шайлоо босогосун үч пайызга чейин түшүрөлү деген сунуштар болуп жатат. Аны өзүңүздөр чечиңиздер, бирок үч пайыз өтө эле ылдый болуп калат деп ойлойм. Менимче, беш пайызга түшүргөн туура. Бул менин жеке оюм, эч кимге таңуулабайм. Мындан сырткары, 5 миллион сомдук күрөөнү бир миллионго чейин түшүрсөңүздөр деген сунушум бар. Ошондой эле депутаттардын санын 120 эмес, 70 же 90го кыскартып коюп, анан парламенттик шайлоону өткөрүп алсак. Андан кийин жаңы парламент конституциялык реформага барса туура болот экен. Бул менин жеке оюм", — деди.
 
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020