16 октября 2020, 16:42

Алтынбек Сулайманов: Мурункулар келип алсак болуп өткөн кырдаал кайталанышы мүмкун

Депутат Алтынбек Сулайманов жыйындардын биринде   жаштардын суранычын жеткирди.
 
“ Жаштар айтып атышат, бир гана шайлоонун адилетсиз өткөндүгүн талап кылып аянтка чыктык, ишке ашты. Парламент үч жолу премьер-министрди , эки жолу спикерди шайладыңар. Ошол шайлоодогу кемичиликтерди жойбостон маселени силер четке кагып, чечиштин ордуна бири-бириңер менен жакалашып, жаштардын жана жалпы элдин кызыкчылыгын четке кагып атасыңар деп атышат”, – деди.

Сулайманов шайлоодогу кемчиликти жоюу үчүн кесиптештерине жаштарды колдоп, алардан  куралган жаңы партияны түзуп, колдоого чакырды.
 
“Жети пайыз менен мурункулар келип алсак, мурунку кырдаал кайра кайталанышы мүмкүн. Эки айдын ичинде шайлоо болуш керек, өзубузгө келели,”- деп сөзүн жыйынтыктады.
 
 
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020