17 октября 2020, 10:36

Кочкордо айдоочу рулду башкара албай 12 жаштагы бала каза болуп, 5 адам жабыркады




Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда кырсык катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, кырсык Нарын облусунун Кочкор районунда 16-октябрь күнү саат 03:50те Сары-Булак айылында болгон. “Toyota Avensis” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 1 эркек бала каза болуп (2008-жылы туулган), 5 адам (2 эркек: 1989-жылы туулган, 1989- жылы туулган, 2 аял: 1992-жылы туулган, 1994-жылы туулган жана 1 жаш бала 2016- жылы туулган) ар кандай жаракаттарды алышкан. Жерине Кочкор райондук №42 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, каза болгон адамды унаадан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркаган адамдарды тез жардам кызматкерлери Кочкор райондук ооруканасына алып кетишкен.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020