20 октября 2020, 09:41

Мухаммедкалый Абылгазиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынды




Кыргызстандын мурунку премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, чек ара бөлүмдөрүнө Абылгазиевдин атына кайтарма карточкасы коюлган. Ал расмий түрдө өлкөдөн чыгып кете албайт.

Эске салсак, Абылгазиев 15-июнда радиожыштык ресурстарын узартуу жана кайра каттоого байланыштуу козголгон кылмыш ишинде өкмөткө коюлган айыпка байланыштуу кызматтан кеткен.



Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020