20 октября 2020, 10:34

Элчилик Чикагодо чуу жараткан кыргызстандык жигит тууралуу билдирүү жасады




АКШдагы кыргыз элчилиги Чикаго шаарындагы «Trump International Hotel and Tower» имаратынын 16-кабатында арканга илинип, Дональд Трамп менен жолугушууну талап кылган кыргыз жараны тууралуу комментарий берди.

Кыргызстандык 1989-жылы туулган Эдил Алиев аттуу жаран бийиктикте болжол менен 13 саат турган. Аны полиция кызматкерлери 19-октябрь күнү эртең менен чечишкен.

Элчилик чуу жараткан жаран кыргыз экенин билген соң АКШнын мамлекеттик департаменти, АКШнын Улуттук коопсуздук министрлигинин өкүлдөрү жана Чикагодогу кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен байланышкан.

Учурда Эдил Алиев «Northwestern Memorial Hospital» ооруканасында жатат. Анын физикалык жана психикалык абалы текшерилет.

Мекендешибизге азырынча эч кандай айып салына элек.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020