21 октября 2020, 09:00

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын иши жандандырылды




Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 16 октябрда кол койгон Жарлыкка ылайык, коррупцияга каршы күрөшүү жана коррупциялык кылмыштарды тергөө боюнча чаралардын топтому кабыл алынганга чейин, Конституциянын 65-беренесине ылайык, өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын иши жандандырылды.
Президенттин 2020-жылдын 14-октябрындагы «2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө» Жарлыгынын колдонулушу токтотулсун жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын иши улантылат.

УКМК:

— Антикоррупциялык кызматтын иштөөсүн камсыз кылсын;

— Антикоррупциялык кызматтын мындан аркы ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020