21 октября 2020, 14:13

Текебаев: Эмне үчүн Садыр Жапаровдун өкмөтү ант бере элек?




Бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары ант бергенден кийин гана мыйзамдуу күчүнө кирет. Муну депутат Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин жыйынында эскерип өттү.

Ал Садыр Жапаровдун өкмөтү ант бербегенин белгиледи.

«Мыйзамга ылайык, ант бергенден кийин гана министрлер кабинетинин ыйгарым укуктары күчүнө кирет. Ушундай кыйын кезде, жооптуу чечимдерди кабыл алган өкмөт эмне үчүн ант бербейт? Менинче ишти так ошондон башташыбыз керек», - деди Өмүрбек Текебаев.

Жогорку Кеңеш өткөн жумада премьер-министрди жана министрлер кабинетинин курамын бекитти.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020