22 октября 2020, 09:45

Таалайбек Нуралиев ЖАМКнын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды




Ички кызматтын полковниги Нуралиев Таалайбек Молдалиевич Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка 16-октябрда премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.

Буга чейин Нуралиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын кеңешчиси болуп иштеген.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020