22 октября 2020, 13:14

Акыйкатчы ИИМ БШКнын мүчөсүн суракка мажбурлап алып кетүү менен коркутканы боюнча билдирүү жасады




2020-жылдын 21-октябрында Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында болуп өткөн инцидентке байланыштуу акыйкатчы Токон Мамытов мамлекеттик бардык органдар, эң оболу, укук коргоо органдары өз ишин мыйзам чегинде гана жүргүзүп, өзүлөрүнүн ыйгарым укуктарынан чегинен чыкпоосу керектигин эске салат.

“Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кайсы биринин өз ыйгарымдарынан бир аз эле аша чабуу же өз иш милдеттерин талаптагыдай аткарбоосу түзөтүлгүс залакаларга алып келиши ыктымал. Айрыкча азыркы учурда, биздин өлкөдө эми гана тынчтык орноп, ырашкердик жана туруктуулук орноп жаткан учурда өтө кыраакылык менен иштөө зарыл”, - деп эсептейт акыйкатчы.

Эске салсак, Боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Журабаева кабарлагандай, 21-октябрда БШКга ИИМ кызматкерлеринин  бирөөсү келип,  тергөөчү Аданбеков кол койгон билдирмени көрсөткөн, БШКнын бардык мүчөлөрү 5-6-октябрдагы башаламандыктар боюнча суракка чакырылаарын билдирген. БШК мүчөлөрү мындай мыйзамсыз талаптан баш тарткан учурда, ал милиция нарядынын коштоосунда мажбурлап алып кетүү менен коркутканы тууралуу маалымат тараган.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020