Оштун жашоочусу аёосуз сабалды. Анын бир тууганы Жапаров менен Ташиевге кайрылуу жасады (видео 18+)

22 октября 2020, 15:34

Ош облусунун Өзгөн районундагы Шоро-Башат айылынын Нурсултан Иметалиев аттуу тургуну аёосуз сабалган видео тарады. Анын эмне себептен сабалганы тууралуу бир тууган эжеси Нургүл Ырысбаева баракчасына жазды.

FВ колдонуучунун маалыматына караганда, окуя 5-октябрда болгон. Жабырлануучуну айылдаштары А.К., Б.Р., К.Д., ошондой эле Мырза-Аке айылынын тургуну Д.О. жолугушууга чакырышкан.

"Иним жаман ою жок телефон чалган адам менен жекеме-жеке сүйлөшөм деп ойлогон. Жолдон эки досуна жолугуп, алар шишкебек жеп келүүнү сунушташат. Бирок, иним алгач чалган адамдарга жолугуп келүүнү туура көрүп, эки досун ээрчитип алат. Алар унаанын артында отурушкан. Иним унаадан түшөрү менен бирөө тапанча башына уруп, андан соң топ менен сабай башташкан. Экөөнүн колунда тапанча, калгандарында электр шокерлери болгон", - дейт Ырысбаева.

Жабырлануучунун эжеси билдиргендей, инисинин досторунун бири жардамга чуркап барып, күчү жетпесин түшүнүп, тууганын чакырууга жөнөгөн. Ал эми экинчи досу качып кеткен. Досу жардамга чакырган тууганы менен барганда окуяга шектүүлөр жок болушкан. Окуяга чейин 15 күн мурун А.С. аттуу жигит досторуна Нурсултанды байкелери атып кетет деп айткан.

"Айыл тургундары бул алардын буйругу деп жатышат. Бирок эч кандай далил жок. Алардын Жогорку Кеңештин депутаты менен байланышы бар экени белгилүү", - дейт жабырлануучунун эжеси.

Ал Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровго күнөөлүүлөрдү жазалоо өтүнүчү менен кайрылган. Ал белгилегендей, тергөө иштерин Өзгөн РИИБи жүргүзүп жатат, бирок эч кандай жылыш болгон жок. Жабырлануучу башынан катуу жаракат алган, жаак, тиштери талкаланып, эриндери жырылып, оң колунун манжалары сынган. 7-октябрда ага операция жасалган, бирок абалы оор бойдон калууда. 
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020