Келдибек Аскаралиев: Максатбек ажы Токтомушев легитимсиз иштеп жатат

22 октября 2020, 16:58

Укук коргоочу   Келдибек Аскаралиев жана коомдук ишмер Руслан Казиев азыркы өкмөт өкүлдөрүнө кайрылуу жасады . Анда  муфтий  Максатбек  ажы Токтомушев  лигитимсиз иштеп жаткандыгын жана ал жетектеген Кыргызстандагы  Дин башкармалыгында мыйзамсыз көрүнүштөр  болуп жаткандыгын айтып,  мусулмандардын курултайын өткөруп , лигитимдүү муфтий шайлоо керектигин айтты.
 
Аскаралиев   өзгочо эсеп кызматында эмгектенген Ж.Бекиев 2014-жылы соттолгонуна карабай башкы эсепчи болуп дайындалып, паракорчулук менен бир канча кылмыш иши козголгондугун    баса белгиледи. Ошондой эле  шайлоо башталгандан тарта өзүнүн ордуна тууганын алып келип, өзү “Биримдик” партиясына  башкы эсепчи болуп иштеген. 
 
 “ 2017-жылы кабыл алынган устав, 2019-жылы катоодон өтүп атат,  негизи 30 кундун ичинде өтүш керек. Бул тууралуу сотко доо арыз менен 4 жолу кайрылгым, эмнегедир жооп болгон жок. Өкмөт башчыларынан суранам аталгандарды жөнгө салышын”,-  деди Казиев.
Ошондой эле Аскаралиев А.Жээнбековдун жардамы менен Өзгөндөгу “Тунук” деген  шахтасын алып иштеткендигин , ага кошумча Жаш гвардия жана Ленинград көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан Мечиттин жанында медресе мыйзамсыз салынганын, ажыга баргандардын, садаканын акчасын эч ким көзөмөлгө албаганын кошумчалады. 
 
Кыргызстандын  Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын пресс-катчысы Максат Атабаев баары мыйзамдуу түрдө өтүп жаткандыгын айтып, Казиев менен  Аскаралиевдин айткандары чындыкка дал келбээрин айтты.
1 комментарий
  1. Аноним#4942
    Бийлик деп олгон калдыкко , кемчиликти бетке каптап эле жаманды издегендин устундо болуп атабыз, Кудай баарыбызга ыйман берсин. Бул кишинин бироосу кечоо эле Тулеев кетсин деп журбодубу беле
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020