23 октября 2020, 11:09

Коомчулук ак үйдү оңдоого депутаттар өзүлөрү акча чогултуусун талап кылышууда




Кечээ, 22-октябрдагы депутаттардын жыйынында премьер-министр Садыр Жапаровдун экономика жана финансы тармагы боюнча кеңешчиси Акылбек Жапаров ак үйдү калыбына келтирүү үчүн болжол менен 450 миллион сом керектелерин айткан.

Ал 2010-жылы Ак үй талкаланганда 380 миллион сомго оңдолгонун айткан.

“Ал ак үйдө оңдоо иштери качан башталаарын билбейм. Азыр материалдардын кымбаттыгынан улам оңдоо иштери кымбатка турушу мүмкүн. Бюджеттик тартыштык 36 млрд сомдон ашып бара жатат», - деп билдирген.

Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары ак үйдү оңдоо иштерине эл өкүлдөрү акча чогултушу керек деген ойдо.

"Эмне үчүн ак үйдү оңдоого мамлекеттик бюджеттен акча кетиши керек? Мектептерде окуучулар оңдоо иштерине каражатты өзүлөрү топтошот. Депутаттар жана башка кызматкерлер да ушул ыкманы колдонушсун", - дейт колдонуучу.


Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020