23 октября 2020, 13:27

Жапаров: Парламент июньга чейин олтурат деп «паника» болбогула, шайлоолор мартка чейин бүтөт




Шайлоолор март айына чейин аяктайт. Бул тууралуу Садыр Жапаров Телеграм-каналына жазды.

Ал көп жылдан бери эч бир алгылыктуу иш жасабаган саясатчыларга ишенбөөгө чакырды.

"Урматтуу Кыргызстандыктар!
Эч кам санабаңыздар. Жасалып жаткан иштерибиздин баары элдин кызыкчылыгы үчүн болуп жатат.
Эл 30 жылдан бери талап кылып, бирок максатына жетпей келе жаткан иштер сөзсүз ишке ашырылат. Бут тосуулар болбосо, (катуу бут тосуулар болуп жатат) баш мыйзам эл каалагандай кабыл алынат. Шайлоолор буюрса мартка чейин бүтөт. Парламент июньга чейин олтурбайт. Кечээки мыйзамга «запас» убакыт алалы деп, реформалар июньга чейин бүтүш керек экендигин белгилеп коюшуптур. Кыскасы парламент июньга чейин олтурат экен деп «паника» болбогула", - дейт Жапаров.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020