23 октября 2020, 13:40

Депутат: Депутаттардын 90%ы иш кабинеттерин өз эсебинен оңдой алат

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев депутаттарга иш бөлмөсүн өзүнүн эсебинен оңдоону сунуш кылды. Ал мамлекет тарабынан бөлүнүп жаткан 450 млн сомду тышкы карызды төлөөгө багыттоого чакырды.

"Депутаттардын 90%ы иш кабинеттерин оңдоп-түзөө иштерин өз эсебинен жүргүзгөнгө кудурети жетиштүү. Ар бир депутатка өзүнүн кабинетинин оңдоп-түзөө иштерин өз эсебинен жүргүзүүнү сунуштайм, келгиле компьютерлерди жана ишке керектүү буюмдарды өз эсебибизден алалы", - деп депутат кесиптештерине чакырык жасады.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 450 миллион сомго жакын каражат талап кылынары айтылган.

View this post on Instagram

#ЧелленджЖК Белгилүү себептер менен азыркы учурда Ак үй оңдоп-түзөө иштерине муктаж. Өкмөт оңдоп-түзөө иштерине 450 млн сом бөлүүгө даяр. Бирок 90 % депутаттар иш кабинеттерин оңдоп-түзөө иштерин өз эсебинен жүргүзгөнгө кудурети жетиштүү. Ар бир депутатка өзүнүн кабинетинин оңдоп-түзөө иштерин өз эсебинен жүргүзүүнү сунуштайм, келгиле компьютерлерди жана ишке керектүү буюмдарды өз эсебибизден алалы. Ошондо мамлекет тарабынан бөлүнүп жаткан 450 млн сомду азыркы учурдун биринчи кезекте турган курч маселеси - тышкы карызды төлөөгө багыттай алабыз.———————— #ЧелленджЖК Сейчас по понятным причинам белый дом нуждается в ремонте. Правительство готово выделить на него 450 млн сомов. Хотя 90% депутатов могут позволить себе отремонтировать собственный кабинет самостоятельно. Предлагаю каждому депутату сделать ремонт в кабинете за свой счёт, давайте сами купим компьютеры и все необходимое для работы. И тогда эти 450 млн, выделяемые государством мы сможем направить на погашение внешнего долга - на решение первостепенной проблемы на данный момент.

A post shared by @ mamataliev_marlen on

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020