23 октября 2020, 15:16

Кош бойлуу аялын сабап өлтүргөн Оштун жашоочусу Бишкектен кармалды




Бишкек шаарында кош бойлуу аялын сабап өлтүргөн оштун жашоочусу кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү 32 жашта. Ал 22-октябрда саат 13.00 чамаларында Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде аялына жана кайын энесине кол салган.

"Шектүүнүн 29 жаштагы аялы окуя болгон жерде каза болуп, кайын энеси оор абалда ооруканага жеткирилген. Маркум кош бойлуу болуп, көз жаруу алдында болгон. Шектүүнүн тергөөдө берген алгачкы көрсөтмөсүнө караганда, анын мындай оор кылмышка баруусуна кызганыч себеп болгон. Бул факты Жазык кодексинин 130-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, окуяны ар тараптуу иликтөө иштери башталган", - деп айтылат маалыматта.

Шектүү тергөө абагына киргизилди.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020