23 октября 2020, 17:09

Төрөкан Жунусбеков 26-октябрь күнү мэрлик кызматка келүүнү пландоодо. Ал Түлеев менен иштешүүгө макул эмес




"Эгерде мен мэрдин милдетин аткаруучу болсом, Нариман Түлеевди кызматтан алуу боюнча буйрук даярдайм", - деп маалымат жыйын учурунда активист Төрөкан Жунусбеков билдирди.

Ал Түлеев менен иштешүүгө каршы экенин билдирип, анын социалдык тармакта таратып жаткан маалыматы чындыкка дал келбесин белгиледи.

Жунусбеков коррупцияга каршы күрөшөрүн жана коронавируска каршы кандай ыкмаларды колдонору тууралуу сөз кылды, бирок так айтып бере алган жок. Ал мэрлик кызматка 26-октябрь күнү келүүнү пландап жатканын белгиледи.

Эскерте кетсек, Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматынан 22-октябрда кеткен.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020