Өкмөттүн буйругуна ылайык, коронавирус инфекциясынын экинчи толкунуна даярдануунун максатында жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында 100 койка-орунга ылайыкташкан кошумча корпус курулду, жалпы аянты 2310 м2 түзгөн объекттин курулушу 2020-жылдын 23-июлунда башталган.

Жаңы клиника жугуштуу оорулар ооруканасына көрсөтүлгөн бардык талаптар боюнча салынды. Бул мельцердик бокстор жугуштуу илдетке чалдыккан бейтаптарды дарылоого түзүлгөн, ар биринде өз алдынча желдетүү соргучу менен, абаны, агымдарды ж.б. зынсыздандыруу эске алынган.

Ооруканага 180 бирдикке жакын медициналык шайман, эмеректер, тиричилик жана компьютердик техника сатылып алынды. Бир көчмө рентген аппараты, 10 ИВЛ, 20 ВИПАП аппараты, 62 кычкылтек менен каныктыруучу шайман, 3 дефибриллятор, инфузиялык терапия үчүн 38ден ашык шайман, бейтаптын абалын 26дан ашуун жеке көзөмөлдөө жана 1 көчмө УЗИ аппараты орнотулду.

Кайра жандандыруу бөлүмү залдан жана изоляцияланган интенсивдүү терапия боксторунан жана бөлмөлөрдөн турат, алар ыкчам реанимациялык иш-чараларды күнү-түнү жүргүзүүнү камсыздайт. Кайра жандандыруу бөлүмүнүн кубаттуулугу – 30 койка.

Дарылоочу жана реанимациялык бокстор заманбап жабдыктар жана жашоону камсыздоочу шаймандар менен жабдылган, анын ичинде бейтаптардын абалын туруктуу көзөмөлдөө жабдыктары бар. Бардык бөлмөлөргө борборлоштурулган кычкылтек берүү уюштурулду. Корпуста изоляцияланган бокстор, жарым бокстор жана реанимация бар.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020