24 октября 2020, 10:29

Сурабалдиева бийлик элдики дегенди эске салып, революцияны аягына чейин чыгарууну сунуштады

Бийлик - элдики болуш керек деген ураанды эске салып, биротоло революцияны аягына чейин чыгарбайлыбы? Мындай сунуш менен коомчулукка Эльвира Сурабалдиева кайрылды.

"Айыл өкмөт башчылары, райондун жетекчилери тандалганда, жергиликтүү эл тургундары өзүбүздө туулуп-чоңойгондон коюп бергиле деген талап коюшат. Аны баардыгы эле билишет. Бишкектин мэрдигине да кандидат чыкканда, шаардыктар ошол ойдо экендигин түшүнсө болот. Кандай дейсиздер?

Нариман Тюлеевке каршы болгон элди түшүнөм, аркасында ызы-чуусу бар, эскилерди кайра чыгарышты деп эл нааразы. Торохан Жунусбековко да бишкектиктерде каршылык бар. Мен үчүн, эң кызыгы, эки кандидат тең ПМ Садыр Жапаровдун макулдугун алдым дегенде. Кимиңер көбүрөөк адамды топтосоңор, ошоңорго кресло энчилейбиз дегендей эле болуп калыптыр. Эки мырзабыз өз тарапташтарын мэриянын алдына чыгарабыз деп, ансыз деле маанайы чөккөн шаардыктарды  коркуткан кези. Туура эмес көрүнүш, менимче.

Бишкектиктер мэрликке өздөрү кимдин сунуштайт элеңер? 

Ала-Тоо аянтына эл өзгөрүүлөр үчүн чыккан деп ишенгендерге кайрылат элемин. Ошол күнү парламенике өткөн шайлоолор одоно мыйзам бузуу менен өттү, жокко чыксын деген талап менен аянтка чыкканбыз. Бүгүнкү күндө ал талап аткарылды. Бийлик - элдики болуш керек деген ураанды эске салып, биротоло революцияны аягына чейин чыгарбайлыбы? Мэр, аким, айыл башчыларына кандидаттарды жергиликтүү эл тургундары  ӨЗДӨРҮ шайлап алышсын. Губернатолор деген түшүнүк жоюлуп, райондор эле калсын. 

Децентрализация деген сөзгө да көндүртөлү- салыктар Бишкекке, республиканский бюджетке шыпырылбай, объект жайгашкан жерде, региондорго да калсын. Анда чыныгы эл бийлиги орнотулуп, мамлекет да, эл да байып, өнүгөбүз. Референдум деп чыккан байкелер, мыйзамдарга ушундай өзгөрүүлөрдү да киргизип, эл астына чыгарышсын. Мындайына мен да макул болуп, колдоп берейин", - деп жазды Сурабалдиева.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020