24 октября 2020, 15:39

Ош шаарынын мэри “Алай” футболдук клубуна 200 миң сом тапшырды




Ош шаарында Кыргызстандын кубогун уткан “Алай” футболдук клубун сыйлоо аземи өтүп, шаар мэр 200 миң сом тапшырды.

“Футбол күйөрмандары үчүн жакшы маанай тартууладыңыздар. “Алай” командасы өз тарыхында Кыргызстандын Кубогун алгачкы жолу 2013-жылы утуп алган. Намыска жарап, ат салышкан бардык командаларды артка калтырып быйыл тарыхта экинчи ирет Кубокко ээ болуп олтурасыздар. Бул спорттук жеңишиңиздер үчүн жалпы шаардыктардын атынан сиздерге чоң ыраазычылык билдирем.
Акыркы кезде “Алай” командасынын оюнчулары жана күйөрмандары тарабынан клубдагы айрым маселелер айтылып, кайрылуулар болгон. Айтылган көйгөйлөр каралып, учурда аларды жоюу максатында иш аракеттер жүрөт. Оюнчулардын жана күйөрмандардын кайрылуусу четте калбайт. Шаардык мэрия мүмкүн болушунча клубду камкордукка алуунун, каржылоону көбөйтүүнүн аракеттерин көрүп келе жатат. Бул аракетибиз мындан ары да улана берет. Келээрки жылы клубдун бюджети дагы көтөрүлүп, шарт түзүлөт”,-деди мэр.

 



“Алай” футболдук клубу Кыргызстанда футбол боюнча 4 жолу өлкө чемпиондугун, 2 жолу Супер кубокту, 2 жолку Кыргызстандын кубогун утту. Алдыда АФК кубогу үчүн болгон мелдештер өтөт.



 
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020