26 октября 2020, 09:57

Сурабалдиева: Каргап-шилеп жазган каттарды чогултуп Садыр Жапаровдун өзүнө көргөзөмүн




Эмнеге авабызды чуркап барып, чалынып, колдобой жатасыз деген суроого жооп бар. Бул тууралуу Эльвира Сурабалдиева социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Каргап-шилеп жазган сообщение, скриншотторду, интернеттен коркутуп-үркүткөн комментарийлерди чогултуп, Садыр Жапаровдун өзүнө көргөзөмүн. Анан эмнеге авабызды чуркап барып, чалынып, колдобой жатасыз деген суроого жообу болсун. Кызык эле адамдарбыз, туугандар. Күлөйүн десем, ыйлагың келет. Мынтип отурсак, эч ким жеңбейт. Кыргызстан утулат. 
Иштесин, мейли, деген парламентти да тепкиледиңер, мыйзамды сактайлы деген депутаттарды да жемеледиңер. Жакындарыңарга айкыргандай, интернеттен чочундар менен тытыштыңар го? 
Достор, же ары, же бери болгулачы ай деп чарчагандар, ойлоно турган убакыт келди - насильно мил не будешь, надо разговаривать. 
Фабрика троллей эмне дегенди акыркы жумада далилдеп бердиңер. Токтоткула. Кошуна өлкөлөргө шылдың болуп бүттүк. Уят эле. Калгандарынын жүрөгү түшүп, эсине келе албай жатат. Улууну сыйлаган, кичүүнү урматтаган кыргызым кайда кетти?", - деп жазат ал.
2 комментария
  1. Аноним#4961
    Бу аялдын бети айябаааай калын экен. Кыз боозуса энесин коркутат деген ушул экен.
  2. Аноним#13079
    Улууга урмат,кичууго ызат дегениниз эн туура!
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020