26 октября 2020, 18:33

"ЭлТРдин" бардык кызматкерлери жумуштан кетти. Алар Шаиста Шатманова менен иштедөөн баш тартышты

Журналист жана "ЭлТР" телеканалынын алып баруучусу Бакыт Сакыбаев FB баракчасында Шаиста Шатманова каналдын башкы директору болуп дайындалгандыгына байланыштуу бардык кызматкерлер жумуштан кетүүгө аргасыз болгонун билдирди.

"16-октябрда “ЭлТР” МТРКсына башкы директор болуп дайындалып келген Шаиста Шатманованы телеканалдын жамааты кабыл алган жок. Өкмөттөн келген өкүл Бактыбек Ырсалиевдин алдында жамаатка алынып кетүү үчүн 3 (үч) күн убакыт сураган. Бирок, андан бери 10 (он) күн убакыт өттү. Жамааттын “кетсин” деген талабын Шаиста Шатманова тоготкон жок. Биз андан бери нааразычылык кылып, бир нече маданияттуу акцияларды өткөргөнүбүздөн майнап чыкпай жатат. Бүгүн 2020-жылдын 26-октябрында кечки саат 18:00 дөн баштап, “ЭлТР” МТРКсынын толук жамааты иш таштоого аргасыз болдук.

Биздин бул иш таштоо кадамыбыздан майнап чыкпай турган болсо, Профсоюздун демилгеси менен жалпы жамаат Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровдун “ЭлТР” МТРКсына жаңы дайындаган Шаиста Шатмановага чыккан буйругун жокко чыгаруу үчүн Жогорку Соттун Конституциялык Палатасына арыз менен кайрылууга аргасыз болобуз", - деп жазат журналист.


Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020