27 октября 2020, 15:22

Балбак Түлөбаев: Ысык-Көлдүн элинен кечирим сурайм

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Балбак Түлөбаев Ысык-Көлдүктөргө кайрылуу жасады.

Ал мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылууга даяр экенин белгиледи.

"Урматтуу Калайык!
Ысык Көлдүк туугандарым. Боордошторум!
Сиздерге терең таазим. Кыйын, кыйчалышта жанымда болдуңар, ишендиңер. Адилетүү, чын, таза иштеген ниети түз адамдарды кандай колдош керек экендигин бүтүн элге көргөздүңөр.
Ыраазымын! Силер да мага ыраазы болгула. Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчыбыз мага Бишкек шаарыны башчысы Мэрлик жумуш сунуштады. Ушул татаал убакта ага жардам берип, колуман келишинче таза, түз, кынтыксыз иштеп берейин. Бул убактылуу жумуш шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоосу болгондон кийин жаңы Мэр шайланат. Мен өлкөнүн, мамлекеттин кызматындамын. Качпайм. Ар дайым абийрим, ички сезим, эс тутумум менен элдин пикирин эске алып иштеп келдим. Эч качан макамга, даражага умтулган, чуркаган эмесмин. Берилген кызматты аркалап келдим. Туура түшүнөсүздөр деп ойлойм.  Тагдырыбызга оор жүк, чоң сыноо түшүп турат. Жалгыз тилек, ниет бул журтка, элге кызмат.
Көлүбүздөгү жумуштар уланат. Баарын пландап кагазга түшүрүп аны каржы булактары менен бекемдеп, баштап койгонбуз. Бүт берилген убадалар аткарылат деген ойдомун.  Алдыдагы 3 жылга чейин аткарыла турган 10 кадам аттуу иш планы даяр.
Садыр Нургожоевичке колуман келишинче, билимим жетишинче жардам берем. Элибиз туура түшүнөт деген ойдомун. Ысык Көлдүн элинен билбей калып таарынтсам кечирим сурайм. 
Жалпы журтубуз, элибиз аман болсун", - деп жазат ал.
1 комментарий
  1. Аноним#3123
    Эркексин да Балбак
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020