28 октября 2020, 11:09

Акылбек Жапаров: Аркы жазга чейин бул өкмөткө өтө эле кыйын болот




Өкмөт эң кыйын учурда келип жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Акылбек Жапаров билдирди.

Ал алдыдагы өкмөттүн жасай турган иштеринин негизгилерине токтолду.

"Өкмөттүн негизги милдети республикалык бюджеттин толук аткарылышы. Экинчиси, кыш мезгилин жакшы өткөрүү. Бизде 4-5 ай кыш болот, оңой эмес. Аркы жазга чейин бул өкмөткө өтө эле кыйын болот. Ортодо президенттик жана парламенттик шайлоо бар. Өкмөт экономикалык тынчтыкты эле эмес, саясий тынчтыкты да алып кетиши керек", - деди Жапаров.

Эске салсак, буга чейин ал Садыр Жапаровдун кызматтан кетирүү тууралуу чечимине түшүндүрмө берген.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020