28 октября 2020, 14:10

Нышанов: Канат Исаевге каршы 80ге жакын кол чогулганы белгилүү




Депутаттар эмне себептен Канат Исаевге каршы кол топтоп жатканы мага белгисиз. Бул тууралуу депутат Сайдулла Нышанов билдирди. Ал өзү демилгени колдобой, кол койбогонун кошумчалады.

"Мен тизмени көргөн жокмун. Бирок, чогулган колдун саны 80ге барып калганын уктум. Менин оюмча бүгүн башка маселелер каралса, бул эртең көтөрүлүшү мүмкүн.", - деди депутат.

Нышанов бул демилгени фракция же каолициялык көпчүлүк эмес, депутаттар көтөрүп жатканын айтты.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020