28 октября 2020, 14:40

Сурабалдиева вице-премьер-министр катары жасай турган алгачкы кадамдары жөнүндө айтып берди




Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Сурабалдиева Эльвира вице-премьер-министр болуп дайындалды.

Ал алгачкы кадамдары кандай боло турганы тууралуу айтып берди.

"Мен социалдык тармактардын активдүү колдонуучусумун. Бүгүнкү күндө медициналык тейлөө боюнча кайрылуулар көп болуп жатат. Дарыгерлер жетишпейт, айрыкча аймактарда. Биз эмгек акы маселесин чечишибиз керек. Офлайн режиминде билим берүүнү калыбына келтирүү боюнча маселелерди чечүү керек. Ата-энелердин пикирин сурашыбыз керек. Жеке мектептер, эпидемиологиялык абалы ийгиликтүү болгон региондордогу мектептер балдарга кадимкидей эле сабак бере алышат ", - деди Сурабалдиева.

Ал ишеним көрсөткөн колдоочуларына ыраазычылыгын билдирди.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020