28 октября 2020, 15:29

Гүлшайыр Садыбакасова: Эркинтайым, Үмүттүн апасы экөөбүз силерди сагынып, ыйлап, күйүп жүрүп бул жашоодон өтөбүз




Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова өзүнүн уулу Эркин менен аянтта каза болгон Үмүтбек тууралуу жазды.

“Окшошкон асылдарым…арстандарым… балапандарым… садагаларым… ойноп, оюнга тойбогон…күлүп, күлкүгө тойбогон эркетайларым. Бул жашоонун кызыгын көрүп-көрбөй, 19 жашка толуп-толбой оо дүйнөгө шашып, ээрчишип кете бердиңер.
Аллахтын айтканына, дегенине баш ийип олтуруп калдык. Эркинтайым, Үмүттүн апасы экөөбүз силерди эстеп, сагынып, кусаланып, ыйлап, күйүп жүрүп бул жашоодон өтөбүз. Окшошкон асылдарым, силердин жаркын элесиңер түбөлүккө эсибизде сакталат. Аллахым өз мээримине алып, Фирдоус багында ойноп-күлүп жүргөнүңөрдү насип кылсын”, - деп жазат ал.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020