28 октября 2020, 18:14

Кыязов Ырсалиевге: "Э бу баягылардын убадакөй шүмшүк досу" деп биздин эл караган бетибизди жер каратпа

Кечээ, 27-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин депуттарынын бир бөлүгү Жамалбек Ырсалиевдин талапкерлигин вице-мэрлик сунуштап жатканы белгилүү болгон.

Бүгүн анын досу Эрнис Кыязов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу куттуктады.

"Жамалбек Ырсалиев экөөбүз демейде майкечен же путболкэчен сүйлөшчү элек, бу жолу чалсам кишини сүрдөтүп кастим-шым ак көйнөк кийип алыпсың, элдин айтуусуна караганда вице-мер болуптурсуң. Эминэ  дейм эми, мэрия деген май-талкандуу жер дешет, кокус непадам бармагың байкабай майга тийип кетип, аны жалай коем деп,.. биттей байып кетчү болсоң, бала чакта биттеген күндөрүңдү, кой баккан күндөрүңдү эстеп, эски чокоюңду унута көрбө макулбу?  КозугирилотЖамалбека деген челенж менен аш-гөш доолап деле коркуткум келбейт, анткени тыркыйган фигуралуу мени билесиң, кыйратып деле эт жебейм. Болгону Кыргызстандын борборун борбор дегидей кылып аброюн көтөрүп, гүлдөтүп өнүктүрүүгө салым кош, барбалаңдаган пейилиң менен Балбак Тулобаев байкеге жардам берип, колуна кол,  бутуна бут бол. "Э бу баягылардын убадакөй шүмшүк досу.." деп биздин эл караган бетибизди жер каратпа, кызылала акчалуу мандем көрсөң кымыра коем деп карупсионэр атка конуудан сактан", - деп жазат Кыязов.


Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020