Социалдык тармакта Акылбек Жапаровдун тойдо жүргөн видеосу тарады. Колдонуучулар анын оорубай эле, мааракелерде жүргөнүн жазышууда.

Эске салсак, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 27-октябрда «Ала-Тоо 24» телеканалына маек берип жатып, Акылбек Жапаровду 3 күндөн бери таппай жатканын билдирип, жумушка келбей жатканын айткан.

«Акылбек Жапаров менден кызмат сурап келген жок. Аны өзүм чакырдым. Премьер-министрликке шайланган күндүн эртеси каржы, экономика жагынан кеңеш сурайын деп чакыргам. Анткени 2 жолу депутат болуп иштешкенбиз, анын мүмкүнчүлүктөрүн, билимин билем. Социалдык тармактарда, эл арасында катуу талкуу болуп жаткан экен, Акылбек Жапаровду алып алыптыр, эскилерди жыйнап алыптыр дегендей. Акылбек Жапаров жанымда жүрсө эле ошол бойдон жанымда калат же мени ары бас, бери бас деп башкарып жатат деген кеп эмес", - деп билдирген.

Ал эми Акылбек Жапаров кечээ, 28-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында кызматынан бошотуу чечими боюнча үн каткан. 

"Тилекке каршы 1-2 күндөн бери ооруп калдым. Дене табым ордуна келгенден кийин жумушка чыктым. Ал чечимди президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр өзү кабыл алат экен, өзү комментарий берсек керек дейм да. Бирок 2 күн коомдук башталыштагы кеңешчи болгондон кийин депутат катары эле жүрдүм. Аппарат же бирөө аркылуу айттырып койсом болмок экен", – деп билдирген Жапаров.

2 комментария
  1. Аноним#6364
    😂😂😂прибухнул кандек и жумуш болбой калды
  2. Аноним#2079
    Блудный попугай Кеша😂
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020