Абайлагыла! Ошто бир күндө бир нече адам коронавирустан каза болуп, жерге берилип жатат

29 октября 2020, 10:06

Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылында коронавирустан каза болгон адамдардын саны күн санап өсүүдө. Бул тууралуу редакциябызга жергиликтүү тургун билдирип, видео менен бөлүшкөн.

Ал көпчүлүк жашоочулар илдетке маани бербей жатканын кошумчалады.

"Бул видео кечээ, 28-октябрда тартылган. Анда каза болгондорду жерге берүү үчүн бир нече жай казылып жатканын көрүүгө болот. Көпчүлүк сактанбай, тойлорго, көп сандагы адамдар чогулган жерлерге барып жатышат", - дейт окурман.

Эске салсак, кечээ, 28-октябрга алынган маалыматка караганда бир сутка ичинде COVID-19 илдетин 538 адам жуктуруп алган.

Анын ичинен Ошто 23, Ош облусунда 52 жаңы учур катталган.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020