29 октября 2020, 11:47

"Жалаң төшөк темасын жазган адам бизге жетекчи боло албайт" - "ЭлТРдин" кызматкерлери

"ЭлТР" телеканалынын бир катар кызматкерлери Шаиста Шатманованын башкы директорлукка дайындалышына каршы. Учурда аталган телеканалда жумуш токтогон.

“Биздин жамаат Шаиста Шастманованын жетекчи катары келишине макул эмес. Ал жеке менчик гезитте иштеген, мындай жооптуу кызматта иштей албайт. Мурун жетектеген гезитте мусулмандарга дал келбеген, уят темалар чыгып жүргөнүн билебиз. Гезитте иштеген адам телеканалды башкара албайт”, - дейт телеканалдын кызматкерлеринин бири.
 
Дагы бир кызматкер Садыр Жапаровду колдоп митингке чыгышканын, жарадар болгондор да бар экенин кошумчалады.
 
“Арабызда ок жеп, башы-көзү көгөргөн кесиптештерибиз бар. Ошол балдардын үмүтү акталбай, үнү угулбай жатат”, - дейт ал.
 
“ЭлТР” телеканалынын кызматкерлери 10 күндөн бери тиешелүү тараптарга кат жөнөтүп, жумуш ордуларын да таштап көрүшкөн. Бирок, майнап чыкпай келет.

Белгилей кетсек, телеканалдын кызматкерлери түз эфирге чыккан видеосун бир нече убактан кийин өчүрүп салышкан.
2 комментария
  1. Аноним#471
    Интрига деп кабыл алсанар анда эртен куну жазып жургон тошок мамелесин телевидео кылып тартып чыгат коруп отура бергиле анда бала чака, ата эне, келин жаат мн чогуу
  2. Аноним#2613
    ушу КТРК , ЭЛТР ге окшогон мамлекеттик каналдардын интригасы бүтпөйт. Эфирден сулуу укмуш болуп чыгышат, арт жагында "ит өлүп жатат".
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020