
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов ден соолугуна байланыштуу ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу мэрдин басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.
Анын айтымында, мэрдин милдеттерин аткаруу иштери убактылуу биринчи вице-мэр Саибжан Турдуевге жүктөлдү.
⠀