18 ноября 2020, 14:57

Анаркулов: Конституциянын акыркы варианты коомдук пикирди эске алуу менен кайрадан иштелип чыгат




Коомдук талкууга Башмыйзамдын баштапкы варианты гана чыгарылган. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов билдирди.

Ал конституциянын жаңы долбоору коомдук пикирди эске алуу менен кайрадан иштелип чыгарын белгиледи.

"Конституциянын акыркы вариантына талкуу учурунда айтылган сунуштар киргизилет. Өлкөдөгү социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн бир адам, тагыраагы, мамлекет башчы жооптуу болушу керектигин убакыт көрсөттү. Мурда эч ким эч нерсе үчүн жооп берген эмес, башаламан система иштеген. Башаламандыктан тажаган эл өзгөрүүнү талап кылууда. Мындан мурда бардык чечимдер бир жерде кабыл алынып, кыйын кырдаалдарда бардык «айып» ал чечимдерди аткарган премьер-министрге тагылчу. Ошондуктан турмуш мамлекеттик башкаруу системасында жаңы жолдорду табуу керектигин көрсөтүүдө", — дейт Анаркулов.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020