20 ноября 2020, 09:51

Ташиев мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегацияны жетектей баштады




Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегацияны жетектей баштады.



Кечээ, 19-ноябрда делегациянын жолугушуусу өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандандыруу, коңшу мамлекеттер менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын жумушун активдештирүү маселелери талкууланды.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020