Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы УКМК тинтүү жүргүзгөнү тууралуу айтып, Ташиевге кайрылуу жасады

20 ноября 2020, 10:48

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Турганбаев УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады.

Ал эмгек өргүүдө жүргөн убакта УКМК кызматкерлери анын үйүндө жана жумуш ордунда тинтүү жүргүзүшкөнүн билдирди.

“УКМК кызматкерлери 68 жаштагы апамды, 2-класста окуган баламды курал-жарак, бет капчан келип коркутушкан. Камчыбек Кыдыршаевич, эгер мен айыл өкмөтүн жетектеп турган убакта, өзүм же жакындарым кандайдыр бир мүлктү өзүнө каратып алган болсо, мамлекетке өткөрүп алыңыз”, - деп билдирди Турганбаев.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020