20 ноября 2020, 13:23

ИИМ: Эч кимге эч кандай кысым болгон жок

Тергөө 5-6-октябрдагы окуялар боюнча тиешелүү жарандарды күбө катары чакырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында Конституциянын кайра иштелип чыгышы, парламенттик жана президенттик шайлоонун датасы жөнүндө ой-пикири бар эл депутаттарына карата укук коргоо органдары кысым көрсөтө баштады деген маалыматтар жарыяланууда.

Аталган маалыматтар боюнча ИИМ төмөндөгүлөрдү билдирди: 

"5-6-октябрь күндөрү шайлоонун жыйынтыгына каршы элдик толкундоо башталып бийлик алмашылган. Ушул окуялар жана фактылар боюнча  Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин бир нече оор беренелери боюнча  кылмыш иштери козголгон. Учурда Ички иштер министрлиги тергөө, издөө, иликтөө иштерин колго алып сотко чейинки өндүрүш ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Ошонун алкагында суракка чакырылчу адамдардын тизмесинде бир топ жарандар бар. Алдардын арасында коомдук ишмерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана башка жарандар да бар. Тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу азырынча көп нерсени айтууга жана ачыктоого мүмкүн эмес.
Суракка чакырылгандарга тергөөнүн суроолору бар. Тергөөнүн шартына, мыйзамга ылайык тиешелүү кишилерди сурап, анан  акыйкат жыйынтык чыгарыш керек. Октябрь окуяларынын жүрүшүндө окуяларга катышкан, аны билген, ал окуяларга аралашып жүргөндөр тууралуу бизде ыкчам маалыматтар бар. Ошого байланыштуу ИИМдин Тергөө кызматы күбө катары гана сурап жатат. Суракка чакырылгандардын арасында азыркы сунушталып жаткан Конституцияны колдогондор деле бар экендиги белгилүү, ошол себептүү Октябрь окуялары боюнча тергелип жаткан иштерди саясатташтырууга негиз жок экендигин белгилейбиз".

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020