20 ноября 2020, 17:19

Нургазы Анаркулов: Жапаров резиденцияда унаа, тамак-ашты өзүнө-өзү камсыздап жатат

Буга чейин социалдык тармактарда Садыр Жапаровдун мамлекеттик резиденцияда түшкөн сүрөтү жарыяланып, көпчүлүк колдонуучулар нааразычылык пикирлерин жазышкан.

Ал эми президенттин маалымат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов 24.kg агенттигине берген маегинде Садыр Жапаров мамлекеттик резиденцияда жашоого толук негиз бар экенин билдирди. Анын айтымында, Жапаров өкмөт башчысынын ыйгарым укуктарын убактылуу гана токтото турду жана ал дагы деле премьер-министр бойдон калууда.

"Ошондуктан, ал мамлекеттик резиденцияда жашоого толук негиз бар. Бирок ал жерде убактылуу гана жашоого укуктуу экендигин белгилей кетем. Ал тамак-аш, кызматтык унаа, байланыш жана керектүү нерселердин бардыгын өзүнө-өзү камсыздайт", – деди Анаркулов.
2 комментария
  1. Аноним#2082
    Резиденцияда канча киши иштей? Алардын зарплата сын ким төлөйт ошондо?
    1. Ошпур
      Сенин ишин эмне? Бар ташыны тер!
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020