20 ноября 2020, 17:51

Парламент имаратында оңдоп-түзөө иштери кандай жүргүзүлүп жатат (видео)




Бүгүн, 20-ноябрда Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов парламент имаратында жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштери менен таанышты.

Учурда Жогорку Кеңештин жана Президенттик Аппараттын кызматкерлеринин иштөөсүнө шарттар жок экенин айткан Президенттин милдетин аткаруучу, Төрага Талант Мамытов: "Андыктан, бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, оңдоп-түзөө иштерин ыкчам бүткөрүү аракети көрүлүүдө. Анткени, алдыбызда чоң маселелер турат. Элибиз көптөгөн өзгөрүүлөрдү күтүүдө. Ар кыл маселелер ачык каралып, керектүү мыйзамдар кабыл алынышы зарыл", - деди.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 5-6-октябрында болуп өткөн окуяларда парламенттин административдик имараты талкаланып, материалдык-техникалык зыянга учураган. Буга байланыштуу учурда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, ага депутаттар да өз салымдарын кошууда.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020